2026-жылдын 18-февраль күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Баку мамлекеттик университетинин студенттерине «Борбордук Азиядагы мамлекеттер аралык суу бөлүштүрүү көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору» деген темада лекция окуду.
Жолугушуунун башында Баку мамлекеттик университетинин экологиялык химия кафедрасынын башчысы, профессор Севинж Хажиева курчап турган чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшү, суу ресурстарын башкаруу жана туруктуу өнүгүү багытында БМУда жүргүзүлүп жаткан окуу программалары жана илимий изилдөөлөр тууралуу кыскача маалымат берип, сөз кезегин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоевге берди.
Догдурбек Чонтоев «Борбордук Азиядагы мамлекеттер аралык суу бөлүштүрүү көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору» деген темада лекция окуду. Алгач ал өзү жетектеген университет жана анын илимий потенциалы, факультеттери жана эл аралык байланыштары тууралуу кыскача маалымат берип, Кыргыз улуттук университети менен Баку мамлекеттик университетинин ортосунда окшош факультеттер жана адистиктер бар экенин белгиледи жана экология, география, гидрометеорология жана айлана-чөйрөнү башкаруу боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.
Ректордун андан таркы баяндамасында Борбордук Азиядагы мамлекеттер аралык суу бөлүштүрүү маселелеринин тарыхый, укуктук жана геосаясий аспектилери талданып, аймактагы өлкөлөр ортосунда трансчегаралык суу ресурстарын бөлүштүрүүдө келип чыккан көйгөйлөр жана алардын социалдык-экономикалык кесепеттери түшүндүрүлдү; климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн эриши, жаан-чачын схемасынын өзгөрүшү жана сууга болгон суроо-талаптын күчөшү учурдагы гидрометеорологиялык көйгөйлөрдү курчутуп жатканы белгиленди. Догдурбек Чонтоевдин оюнча, ушуга байланыштуу суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу, биргелешкен мониторинг механизмдерин түзүү жана маалымат алмашууну күчөтүү өзгөчө мааниге ээ. Ректор о.э. Борбордук Азия жана Каспий чөлкөмүндөгү экологиянын азыркы абалы, гидрометеорологиялык байкоо системасын өркүндөтүү, илимий изилдөөлөрдү тереңдетүү жана институттук мамилелерди чыңдоо жолдору боюнча ой бөлүштү.
Лекциянын аягында Додурбек Чонтоев студенттердин жана окутуучулардын тема боюнча суроолоруна жооптор берилип, талкуулар болду.