2026-жылдын 28-январында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде (КУУ) Кытай коомдук илимдер академиясы (ККИА) менен КУУнун ортосундагы кызматташтыктын жаңы багыттарын белгилеген иш-чаралар болуп өттү: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен ККИАнын Университети жана ККИАнын Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия институтунун ортосундагы келишимдерге кол коюу аземи, 20-чакырылыштагы Кытай коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин (ККП БК) IV пленумунун жыйынтыктары боюнча брифинг, белгилүү кытай окумуштууларынын илимий эмгектеринин көргөзмөсү, Кыргызстан менен Кытайдын аналитикалык борборлорунун диалогунун пленардык жыйыны жана ККП БКнын Башкы катчысы Си Цзиньпиндин «Китеп үйүнүн» ачылышы.

Иш-чаралардын алдында ректораттын жыйындар залында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен ККИАнын Университети жана ККИАнын Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия институтунун ортосундагы кызматташтык келишимдерине кол коюлду.

Андан кийин катышуучулар экинчи кабаттын фойесинде уюштурулган белгилүү кытай окумуштууларынын илимий эмгектеринин көргөзмөсүнө барышты.

Ал эми башкы имараттын чоң жыйындар залында 20-чакырылыштагы Кытай коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин (ККП БК) IV пленумунун жыйынтыктары боюнча брифинг өткөрүлдү. Жыйынды КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев алып барды. Куттуктоо сөздөрүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Карим Ханжеза, Кытай коомдук илимдер академиясынын президенти Гао Сян, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзянпин айым жана Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновация министри Гүлзат Исаматова айтышты.

Ушул эле залда Кыргызстан менен Кытайдын аналитикалык борборлорунун диалогунун пленардык жыйыны да өттү.

Иш-чаралар башкы имараттагы 145-дарсканадагы ККП БКнын Башкы катчысы Си Цзиньпиндин «Китеп үйүнүн» ачылыш аземи менен аяктады.

Добавить комментарий