2026-жылдын 22-январында биринчи проректор-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев ЕМS академиясынын жетекчиси Назгүл Канчеваны кабыл алды.
Жолугушуунун башында Назгүл Канчева өзү жетектеген EMS академиясы тууралуу маалымат берип, EMS — ICEF жана ISO сертификаттарына ээ болгон Кыргызстандагы жалгыз компания экендигин, анын Италияда, Чехияда, Словакияда, Испанияда жана Кытайда кеңселери бар экендигин маалымдап, академия студенттерге Европанын, АКШнын жана Азиянын алдыңкы окуу жайларына гранттар же арзандатуулар менен катталууга жардам берээрин белгиледи. Назгүл Канчеванын айтымында, EMS академиясы айрыкча Италиянын жогорку окуу жайлары менен тыгыз кызматташат.
Эки мекеменин ортосундагы кызматташуу, студенттер менен окутуучулардын тажрыйба алмашуу маселелери жана билим тармагындагы байланыштар боюнча пикир алмашуу болгон соң, Алайбек Шамшиев Улуттук университет ЕМS академиясы менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Жыйынтыгында, тараптар өз ара диалогду улантууну, пайдалуу демилгелерди өнүктүрүүнү жана биргеликте жигердүү иштешүүнү макулдашышты.
Жолугушууга о.э. КУУнун академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспорттоо жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы Саадат Шерматова жана ЕМS академиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Галин Николов катышты.