2023-жылдын 30-октябрь күнү 6-окуу имаратындагы 1-дарсканада КР эмгек сиңирген артисти, белгилүү манасчы Рысбай Исаков менен география, экология жана туризм; математика жана информатика, физика жана электроника, биология, химия жана химиялык технология факультеттеринин 1-курс студенттеринин жолугушуусу болуп өттү.
Жыйындын башында “Манас таануу жана дүйнѳлүк адабият” кафедрасынын доценти А.Медетов студенттерге келген конокту тааныштырып, Р.Исаков тууралуу кыскача маалымат берди.
Андан соң, Рысбай Исаков “Манас” эпосунан үзүндү айтып, студенттердин Манас эпосу жана манасчылык кесиптин сырлары тууралуу суроолоруна жооп берди.
Аталган кафедранын башчысы М.Бокешова студенттерге Рысбай Исаковдун студенттик кезиндеги окуяларды айтып берди.
Жолугушууга о.э. “Манас таануу” предметин окуткан Сагидаева С. жана Жекшен кызы С. катышты.