2023-жылдын 27-октябрында №5-окуу имаратынын 218-кабинетинде илимий маалымат базалары менен иштөөнүн ыкмаларына багытталган кезектеги семинар болуп өттү. Жыйынга чет тилдер, кыргыз филологиясы, орус жана славян филологиясы факультеттери менен социалдык-гуманитардык илимдер институтунун окутуучулук-профессорлор курамы катышты.

Илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев семинарды ачып жатып, университетибиздин академиялык ийгилигин арттыруу, илимий-изилдөө иш-аракеттерин өркүндөтүү, улуттук жана эл аралык деңгээлге көтөрүлүү, Scopus, Web of Science, Google Scholar, РИНЦ маалымат базаларындагы басылмаларга макалаларды чыгаруу жана өркүндөтүү жаатында максаттуу өткөрүлүп жаткан ушул иш-чараларга өзгөчө маани берүү муктаждыгын баса белгилеп өттү.

Андан соң, Билим берүү жана илим министрлигинин эксперти, PhD, Америкадагы Миннесота университетинин бүтүрүүчүсү, Эл аралык “Ала-Тоо” университетинин доценти Урмат Тыналиев “Scopus маалымат базасында индекстелген журналга илимий макаланы жазуу жана жарыялоо маселелери” аттуу темада үч саатка созулган кеңири баяндама жасады.

Баяндаманын соңу суроо-жооптор менен улантылып, семинар иштиктүү жыйынтыкталды.

(С) Рашитова Асел – илимий-метрикалык жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси

Добавить комментарий