2026-жылдын 15-январь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин окутуучулары үчүн 72 саат көлөмүндөгү “Тилдерди санарип технологиялар аркылуу окутуунун сапатын жогорулатуу” аталышындагы семинар-тренинг өз ишин баштады.
Мамлекеттик тил бөлүмү тарабынан уюштурулган семинарды мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, иш-чаранын максаты жана күтүлүп жаткан натыйжалары тууралуу айтып берди.
Бул күнү Ала-Тоо эл аралык университетинин Квалификацияны жогорулатуу жана инновация институтунун директору, ф.и.к. Кундуз Жузупекова “Билим берүү процессинде натыйжалуу окутуу технологияларын колдонуу ” аталышындагы тимбилдинг өткөрдү.
Жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан семинар-тренинг тилдерди окутуунун методу, заманбап шарттарга ылайыкташтырып билим берүүдө жаңы технологияларды жеткиликтүү деӊгээлде колдоно билүү, интерактивдүү жана коммуникативдик ыкмаларга басым жасоо айрыкча жасалма интеллектти колдонууну үйрөнүү максатын көздөйт.
Белгилей кетсек, тилдерди кесиптик багытта окутуунун технологияларына арналган бул семинар 9-ирет өткөрүлүп жатат.
Семинар 16-17 — январь күндөрү уланат.
(С) Динара Мырзагулова — мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы