2023-жылдын 24, 25, 26-октябрь күндөрү мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахандын катышуусу менен ректоратка караштуу кафедраларда кафедра башчылыкка талапкерлерди сунуштоо отурумдары болуп өттү.

Расмий тил кафедрасынын башчылыгына педагогика илимдеринин доктору, профессор Ахметова Нурлана Алымкуловнанын талапкерлиги коюлган. Кафедранын он мүчөсүнүн баары катышып, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында “макул” – 7, “каршы” – 3, “калыс” – “жок” болду.

Дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчылыгына доцент Абдыкеримов Шаршен Абжалбековичтин талапкерлиги коюлган. Кафедранын отуз төрт мүчөсүнүн отуз экиси катышып, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында “макул” – 32, “каршы” – “жок”, “калыс” – “жок” болду.

Мамлекеттик тил кафедрасынын башчылыгына филология илимдеринин кандидаты, доцент Осмоналиева Гүлмира Касыкеевнанын талапкерлиги коюлган. Кафедранын он жети мүчөсүнөн добуш берүүгө он үчү катышып, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында “макул” – 12, “каршы” – 1, “калыс” – “жок” болду.

Чет тилдер кафедрасынын башчылыгына улук окутуучу Качкынов Кылычбек Дүйшөбекович менен окутуучу  Анаркулова Айзат Абдирашитовна талапкерлиги коюлган. Кафедранын он эки мүчөсү толук катышып, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Качкынов Кылычбек Дүйшөбековичке “макул” – 11, “каршы” – “жок”, “калыс” – “жок” , бир бюллетень “бузулду”. Анаркулова Айзат Абдирашитовнага “макул” – 0, “каршы” – “11”, “калыс” – “жок” , бир бюллетень “бузулду”.

Натыйжада, талапкерлер университеттин Окумуштуулар кеңешине добуш берүүгө сунушталды.

Расмий тил кафедрасы

Дене тарбия жана спорт кафедрасы

Мамлекеттик тил кафедрасы

Чет тилдер кафедрасы

Добавить комментарий