2025-жылдын 18-декабрында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Кыргыз эл акыны, белгилүү котормочу, драматург Эрнис Турсуновдун 90 жылдыгына арналган “Эрнис Турсуновдун көркөм дүйнөсү” аттуу илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.
Иш-чараны КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев кириш сөз менен ачып, УИАнын корреспондент-мүчөсү, коомдук жана мамлекеттик ишмер Осмонакун Ибраимов менен коомдук жана мамлекеттик ишмер Сүйүнбек Касмамбетовду «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине 100 жыл» юбилейлик медалы менен сыйлады.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков менен коомдук жана мамлекеттик ишмер Сүйүнбек Касмамбетов куттуктоо сөздөрүн айтышкан соң, кыргыз филологиясы факультетинин студенттери тарабынан Эрнис Турсуновдун “Жусуп Баласагын” аттуу драмасынан сценка коюлду.
Конференциянын негизги бөлүгү төмөндөгү илимий баяндамалар жана эскерүүлөр менен коштолду:
- Улуттук илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор Ибраимов Осмонакун Ибраимович: “Эрнис Турсунов көп кырдуу талант”;
- Кыргыз Республикасынын эл жазуучу Жакшылыков Асан: “Сөз менен алпурушкан өмүр”;
- Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Иманалиев Кайрат Олжобаевич: “Эстен кеткис Эрнис агай”;
- КУУнун аксакалдар кеңешинин төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор Садык Тиллебаев: «Э.Турсунов – прозачы»;
- Эрнис Турсуновдун шакирти, жазуучу Айтмамбетов Ишен: “Э.Турсунов – кайталангыс талант”;
- Ала-Тоо университетинин профессору, философия илимдеринин доктору Эдилова Мариям Миталиповна: “Эрнис Турсуновдун “Таттыбүбү” поэмасы: гендердик анализ”.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз филологиясы факультетинин студенттери Эрнис Турсуновдун ырларынан көркөм окушту.
Секциялык иштерге Талас мамлекеттик университетинен, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинен, Баткен облусундагы Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы жалпы билим берүүчү мектептен жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Э.А.Алиев атындагы академиясынын студенттери, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери катышты.
























