Биринчи проректор — окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев жетектеген Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин делегациясы «The Network on International Education in South Caucasus and Central Asia at the Intersection of Educational Spaces» долбоорунун алкагында Германиянын Фридрих-Александра университетине иш сапары менен барды.
Аталган долбоорду Германиянын академиялык алмашуу кызматы (DAAD) «Higher Education Dialogue with the Muslim World» программасынын алкагында каржылайт.
Делегациянын курамына о.э. Чет тилдер институтунун директору, долбоордун жергиликтүү жетекчиси Кенжебай Уметов, магистранттар жана студенттер кирет.
Долбоор Фридрих-Александра университетинин, Азербайжан мамлекеттик педагогикалык университетинин, Фергана мамлекеттик университетинин, Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин катышуусунда ишке ашырылууда.
Долбоордун максаты — Германия менен постсоветтик ислам дүйнөсүндөгү өлкөлөрдүн университеттеринин кызматташтыгын жана маданий диалогун өнүктүрүү, о.э. Түштүк Кавказ жана Борбор Азия аймагында билим берүүнүн интернационалдашуусун изилдөө.
Иш сапардын алкагында делегация Фридрих-Александра университетинин жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрөт, анын ичинде ректор жана вице-ректор менен, о.э. билим берүү жана илим жаатында келечектеги кызматташтыкты талкуулайт.
Расмий иш сапардын алкагында биринчи проректор Алайбек Шамшиев академиялык демилгелерди колдоого жана жемиштүү кызматташтыкка ыраазычылык белги катары Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына арналган мааракелик медалдарды Фридрих-Александра университетинин президенти Йоахим Хорнеггерге, вице-президенти Андреас Хиршке жана долбоордун жетекчиси Анатолий Рахкочкинга тапшырды.
Фридрих-Александра университетинин президенти Йоахим Хорнеггер университеттер арасындагы өз ара урмат-сый жана достуктун символу катары Кыргыз улуттук университетине арналган достук медалын тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар университеттер ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жакын арада меморандумга кол коюу тууралуу макулдашууга жетишти.
Бул иш сапар эл аралык байланыштарды чыңдоого, академиялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана КУУнун студенттери менен окутуучулары үчүн биргелешкен билим берүү программалары жана илимий изилдөөлөр боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө салым кошот.
(С) Байболотова Ж.Т. – Чет тилдер институтунун директорунун тарбия иштери боюнча орун басары