Өткөн жумада мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан Түркиянын борбор шаарындагы Анкара мамлекеттик университетинде 9 – 11-октябрь күндөрү өткөрүлүүсү июнь айында пландаштырылган “III Эл аралык Чыңгыз Айтматов күндөрү: ХХ кылымга из калтырган ата-бала: Төрөкул Айтматов (1903 – 1937) – Чыңгыз Айтматов (1928 – 2008)” деп аталган симпозиумга катышып келди.
Садык Алахан жыйындын “Бир өмүрдөгү даанышмандык” деп аталган отурумга (секцияга) жетекчилик кылуу менен “Уул Чыңгыз Айтматов” деген башка отурумда улуу калемгердин архивинде калып, жакында гана өзүнчө китеп болуп басылып чыккан “”Алтын жана кар” деген бүтпөй калган повести тууралуу “Алтындын алааматын айткан алтын мурас” деп аталган баяндама-таанытымын жасады. Ошондой эле симпозиумдун жыйынтыктоочу бөлүмүндө Улуттук университет тууралуу кеңири баяндап берди.
Иш сапар ТҮРКСОЙ жана Анкара университети тарабынан каржыланды.