2023-жылдын 16-октябрында Улуттук университетке Франциянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус мырза келди. Ректор Төлөбек Абдырахманов менен болгон жолугушууда тараптар Элчилик мнен Улуттук университеттин ортосундагы кызматташтык мамилерди өркүндөтүү маселелерин талкуулашып, соңунда Делаус мырза ректорго Бишкектеги Француз Альянсынын “Серебряный Знак Почета” төш белгисин тапшырды.
Улуттук университетке, өзгөчө анын студенттери менен магистранттарына көңүл буруп жаткандыгы үчүн КУУнун ректору Франциянын элчисине терең ыраазычылык билдирип, Франсуа Делаус мырзанын колдоосу менен КУУдагы Эрасмус + проекти дагы 3 жылга узартылганын белгиледи. – Кыргызстанда болуп турганыңызда биз сиз менен иштеше беребиз, урматту Элчи, – деди Төлөбек Абдырахманов.
Франсуа Делаус мырза бүгүн Улуттук университетке Франциянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси эле эмес, Бишкектеги Француз Альянсынын ардактуу президенти да катары келгенин, Жусуп Баласагын атындагы КУУ – Кыргызстандагы эң белгилүү, ири жана престиждүү университет экенин жана анын Франциянын Пуатье университети менен кызматташып, Бишкектеги Француз Альянсын көп жылдан бери колдоп келе жаткандыгына ыраазы экендигин билдирип, отургандарды Элчиликтин маданият боюнча атташеси Этьен Лансело мырза менен тааныштырды. – Ага Франциянын тышкы иштер министрлиги тарабынан өзгөчө миссия жүктөлгөн – ал Бишкекте француз-немец маданий институтун ачыш керек, – деди Франсуа Делаус мырза.
Жолугушуунун жүрүшүндө Элчилик менен Университеттин ортосундагы кызматташтыкка байланыштуу башка маселелер да талкууланды.