2023-жылдын 17-октябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков КУУнун студенттерине семинар өттү. Билим алуунун жана жаш муундун ар тараптуу өнүгүүсү, активдүү жарандык позиция жана шайлоого катышуу талкуунун башкы темаларынын бири болду.

Депутат өз сөзүндө шайлоого катышуу – ар бир жарандын укугу гана эмес, милдети экенин эске салып, жаштардын үнү зор мааниге ээ экенин, өлкөнүн келечеги жаштар экенин белгиледи.

– Конструктивдүү сын-пикир – бийлик өкүлдөрүнүн ишин жакшыртуунун куралы. Ошондуктан, жаштар сын көз карашта болуп, жакшы келечекти бирге куруу үчүн депутаттар менен конструктивдүү өз ара аракеттенүүсү керек, – деп сөзүн жыйынтыктады Чыңгыз Айдарбеков.

Иш чара жаштар саясаты жана спорт боюнча департамент жана “Жаш саясатчылар мектеби” менен биргеликте уюштурулду.

 (С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун координатору

Добавить комментарий