2025-жылдын 28-август күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин кеңешчиси Виталий Семашко мырза келип, эл аралык кызматташтык жана байланыштар боюнча департаменттин башчысы Бактыбек Келдибеков  менен жолукту.  

Бактыбек Келдибеков элчиликтин кеңешчисин КУУнун ишмердүүлүгү жана университетте жайгашкан эл аралык борборлор менен тааныштырды.

Андан ары Беларусь менен Кыргызстандын ортосундагы билим берүү, маданият тармактары боюнча байланыштарды чыңдоо, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болду.

Виталий Семашко Беларусь Республикасы менен Кыргыз Республикасы аянты, калкынын саны жана бир тилде баарлаша алгандыгы боюнча окшоштуктары бар экенин баса белгилеп, биргеликте ишке ашырылуучу долбоорлор менен сунуштарга ачык экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Улуттук университетте Беларусь маданиятынын борборун ачуу пландалууда. Ал жерде Беларусь Ресрубликасынын маданияты тууралуу окуу материалдары чогултулат.

Добавить комментарий