2025-жылдын 6-август күнү 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп, абитуриенттерди бакалавриат менен магистратурага кабыл алуунун 4-туру жыйынтыкталды. Кабыл алуу комиссиясынын төрагасы, КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев алып барган жыйынга илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу, кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов, о.э. факультеттердин декандары, институттардын директорлору катышты.

Жыйындын башында Догдурбек Чонтоев кабыл алуу кампаниясы жалпысынан канааттандыраарлык өтүп жатканын белгилеп, кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүн белгиленген планды аткаруу боюнча бардык аракеттерди жумшоого чакырды жана түзүм жетекчилерине 4-августтан тартып ректораттын аппарат жетекчиси кызматына дайындалган Кубатбек уулу Дооронду тааныштырды.

Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов кабыл алуунун жүрүшү боюнча жалпы маалымат берип, 3 турдун жыйынтыгы боюнча жалпысынан 6142 абитуриент Улуттук университетте окуу ниетин билдирип, алардын ичинен 5701 абитуриент документтерин тапшырып, контракттын жарымын төлөгөнү тууралуу маалымат берди. Ал эми 4-турда КУУга 529 абитуриент катталды (анын ичинде 184 – бюджеттик бөлүмгө, 345 – контракттык бөлүмгө). Бул көрсөткүч боюнча КУУ Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын арасында 2-орунду ээледи, ал эми биринчи орунга 773 абитуриент менен  И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети чыкса, 405 абитуриент менен К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети 3 орунда.

Андан ары ал “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу факультет, институттардын бакалавриаты менен магистратурасындагы багыттарга/адистиктерге катталган абитуриенттердин, ал багыттар/адистиктер боюнча ваканттык орундардын саны жана ал орундарга “Бишкек шаары”, “Кичи шаарлар”, “Тоолуу аймактар” жана “Айыл аймактары” деген категориялар боюнча система тарабынан бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берип, өтүү баллын сунуштады. Өтүү баллдары түзүм жетекчилери менен макулдашылган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир факультет/институт боюнча чечимдер кабыл алынды.

3-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот. Министрликтин буйругу менен бекитилген графиктин негизинде окууга өткөн абитуриенттердин документтерин кабыл алуу 7,8,9-август күндөрү кабыл алуу комиссиясы жайгашкан 6-окуу имаратында эрте мененки 9.00дөн кечки саат 17.00гө чейин жүргүзүлөт (Ишемби күнү – эрте мененки 9.00дөн кечки саат 16.00гө чейин).

Добавить комментарий