2023-жылдын 10-октябрь күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев 10-ноябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата иш чараларды уюштуруу боюнча факультет декандары менен институт директорлорунун орун басарларына жыйналыш өткөрдү.

Проректор катышуучуларды 10-октябрдан 10-ноябрга чейин бир айлык жарыялоо жөнүндө буйрук менен тааныштырып, анын алкагында институттарда, факультеттерде жана башка түзүмдөрдө конференцияларды, тегерек столдорду, семинарларды ж.б. илимий иш-чараларды жигердүү уюштурууну жана ишти көзөмөлгө алууну тапшырды.

Жыйындын алкагында бир катар маанилүү суроолор талкууга алынды.

(С) Асел Рашитова – илимий-метрикалык жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси

Добавить комментарий