2023-жылдын 11-октябрь күнү башкы имараттын артындагы спорт аянтчасын оңдоп-түзөө иштери башталды. Чарба бөлүмүнүн башчысы Алмаз Турдубаевдин айтымында, баскетбол ойноочу аянтча тегизделип, үстүнө резина жаткырылат. Анын жээктерине скамейкалар жана студенттердин гимнастика менен машыгуусу үчүн “швед дубалы” орнотулуп, жалпы аянтча тосмо менен курчалат.
Ал эми К.Осмоналиев атындагы залдын жанына анын аталышы жазылган стелла орнотулат.