2023-жылдын 10-октябрь күнү Жогорку Кенештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Улуттук университеттин 7-жатаканасына келип, өз каражатына толугу менен оңдоп-тузөөдөн өткөрүлүп, ичине жаңы эмеректер, муздаткыч жана жарык бергичтер орнотулган 201, 202-бөлмөлөрдүн ачкычтарын студенттерге тапшырды.
Эл өкүлүн КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, административдик жана чарба иштери боюнча проректор Бакытбек Айтахунов, 6-окуу имаратында жайгашкан түзүмдөрдүн жетекчилери тосуп алышты.
Жеңишбек Токторбаев оңдоп-тузөөдөн өткөн бөлмөлөрдү жана анда орнотулган эмерек, жабдууларды көргөндөн кийин, ал жерде жашаган студенттерге бөлмөлөдүн ачкычтарын тапшырды. Жаңыланган бөлмөлөрдүн жашоочуларына кайрылып, ал мындай деди:
Ушул жерде биздин мамлекетибизге керектүү адистер окуп, бүтүрүп, мамлекетти көтөрө турган жакшынакай кыздар-балдар жашасын. “После меня хоть потоп” дегендей кылбагыла. Бардыгы үйдөн башталат. Өзүңөрдүн үйүңөрдү кандай карасаңар, бөлмөлөрдү да ошондой карагыла. Бир нерсе бузулуп калса, айткыла жетекчилерге, терезелерге гүлдөрдү коюп, дубалдарга картиналарды илип алгыла. Силер киргенде тим эле жаркылдап турсун. Жатып эле уктай бербей, жакшы окугула.
Бул эки бөлмө акыркысы болбосун, бүткүл жатакана ушундай болсун. Буйруса, 2024-жылдын бюджетине ушул жатаканаларды, окуу имаратыңарды, жалпы эле университетти киргизип, сонун кылып оңдойбуз. Мамлекеттик университет флагман болуш керек. Абитуриенттер частный вуздарга барбай, “өзүбүздүн Улуттук университетке барып билим алабыз, ошол жерде окуйбуз” дегендей кылып ремонт жасап коюшубуз керек. Мугалимдердин айлыктарын көтөрүп, шарт түзүп берсек, жеке университеттерге кеткендердин баары кайтып келет. Шарт түзүлсө, чет өлкөдөн келген студенттер да мамлекеттик окуу жайларга келип, акча бизге түшөт. Башыбызга иш түшсө, бизди мамлекет гана каржылайт. Жеке ишкерлер түйүнчөгүн көтөрүп качат.
Төлөбек Абдырахманов өз сөзүндө окуу жайга жардам берип жатканы үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаевге терең ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, Жеңишбек Токторбаев 2023-жылдын 26-майында 6А-окуу имаратынын абалы менен таанышып чыгып, имарат чындыгында оңдоп-түзөөгө муктаж экенин белгилеп, өз каражатына 100 орундуу лекция окулуучу аудиторияны толук оңдоп-тузөп, андагы стул, парталарды жана досканы алмаштырып берүүнү убадалаган.
Депутат убадасына туруп, 2023-жылдын 4-сентябрында толук оңдоп-тузөөдөн өткөн аудиториянын ачылыш аземи болду. Жыйында сөз сүйлөгөн Жеңишбек Токторбаев №7-жатаканадагы 2 бөлмөнү да жакынкы күндөрү өз эсебинен толук оңдоп берүүнү убадалаган.
Бүгүнкү иш чара – депутаттын бул убадасына да тургандыгынын далили.