2023-жылдын 9-октябрь күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Американын Мичиган штатынан келген психологдордун тобун кабыл алды. Жолугушуунун башында социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору Мырзабек Камчыбек уулу делегация мүчөлөрүн тааныштырып, алардын Кыргызстанга келген максаты тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Джонатан Уильямс мырза баштаган топ өткөн жылы да Кыргызстанга келип, институттун студенттерине психология боюнча конок лекцияларды өтүп кетишкен. Бул жолкуда алар суицид, стрессти башкаруу, зомбулук жана “кум терапиясы” боюнча мастер-класс өтүшөт.
Ректор америкалык психологдордун өткөн жылкы лекциялары тууралуу маалыматы бар экенин, ал сабактар жогорку деңгээлде өткөрүлүп, студенттерге жагымдуу таасир калтырганын белгиледи жана “Дүйнөдөгү азыркы геосаясий абалды эске алуу менен сиздердин Улуттук университетке келишиңиздер тарыхчы катары мага, менин кесиптештериме, о.э. студенттерибиз менен магистранттарыбыз үчүн өтө жагымдуу көрүнүш. Мындай лекцияларды студенттерге эле эмес, окутуучуларга да өтсөңүздөр болот. Убактым болсо өзүм да сиздердин сабакка катышканга аракет кылам. Албетте, биздин кызматташтык уланат деп ойлойм. Ошондуктан, биз сиздерге эмдиги жылы да чакыруу катын жөнөтөбүз”, – деди Төлөбек Абдырахманов.
Америкалык психологдор жылуу сөздөрү үчүн ректорго ыраазычылык билдирип, Улуттук университеттин студенттери өтө аракетчил жана билимдүү экендигин, ошондуктан бул жолкуда көбүрөөк практикалык сабактарды өтүшөөрүн айтышты.
Ректор менен жолугушуудан кийин америкалык психологдор Денис Чиствуд, Стив Уиллер, Джозеф Гарднер жана Аника Каспер 5-окуу имаратындагы жыйындар залына барып, студенттер үчүн семинар-тренинг өтө башташты.
Сабактар 11-октябрга чейин уланат.