Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине арналган «Билим берүүдөгү жасалма интеллект: кыргыз-корея тажрыйба алмашуу жана келечектеги кызматташтык» аталышындагы эл аралык семинарга чакырат.
Эл аралык семинар 2025-жылдын 21-май күнү саат 10.30да окуу жайдын башкы имаратындагы санариптик технологиялар борборунда өткөрүлөт (№247-кабинет).
