2023-жылдын 5-октябрь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда “Самара Немец Академиясы” менен Германиянын “AHA! Aupair&Personal Agentur” агенствосунун өкүлдөрү Улуттук университеттин экономика, туризм, менеджмент жана бизнес башкаруу багыты боюнча бүтүрүүчү курстарда окуган студенттери менен жолугушуп, Германияда мыйзамдуу жумушка орношуу жана магистратурада окуу боюнча маалымат беришти.
Практика жана карьера борборунун колдоосу менен уюштурулган жыйынга окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев, окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев, жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча департаменттин жетекчиси Алмаз Кадыр уулу, кесиптик колледждин директорунун орун басары Рахима Отонбаева, туризм кафедрасынын башчысы Курманбек Нарынбеков, практика жана карьера борборунун директору З.Бакалбаев, башкы адиси Ж.Шерматова жана жетектөөчү адиси А.Саматали кызы катышты.
Жолугушууну проректор Эрлан Базарбаев ачып, жыйынга катышып жаткан КУУнун жетекчилери менен келген конокторду тааныштырды жана Кыргызстандын жарандарын Германияда жумушка орноштуруу жана жумушка чейинки коштоо иштери менен алектенген “Самара Немец академиясы” 2014-жылдан тартып эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министирлиги тарабынан берилген уруксат кагаздын негизинде иш алып барып жатканын билдирди.
Практика жана карьера борборунун директору З.Бакалбаев “Самара Немец Академиясынын” директору С. Журабаеваны тааныштырып, Германиядагы жумуш келишиминде эмнелерге өзгөчө көӊүл буруу керек экендиги тууралуу сөз кылды.
“AHA! Aupair&Personal Agentur” агенствосунун өкүлү Аннет Зиверет айым менен “Самара Немец Академиясы” директору С.Журабаева Кыргыз Республикасынын жарандарынын Германияда билим алуу жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү, дипломдуу адистерди Германияда өзүнүн адистиги боюнча жумушка орноштуруу, студенттердин өз кесиби боюнча алган билимдерин практика менен айкалыштыруусу жөнүндө айтып беришти.
Жыйындын соңунда келген меймандар студенттер тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.
(С) Саматали кызы А. – практика жана карьера борборунун жетектөөчү адиси