Бишкек мэриясынын 2025-жылдын 11-мартындагы №01-10/681 катынын негизинде чыгарылган КУУнун административдик чарба иштери боюнча проректору Бакытбек Айтахуновдун буйрутмасын аткаруу максатында 2025-жылдын 26-апрель күнү Кыргыз улуттук университетинин студенттери менен кызматкерлери ишембиликке чыгышып, өздөрүнө бекитилген тилкелерде тазалоо иштерин жүргүзүштү жана ал жердеги орулган чөптөрдү чогултуп, арыктарды тазалап, бак-дарактарды акташты.

Окуу имараттары менен жатаканалардын коменданттары ишембиликке чыккан студенттер менен кызматкерлерди жабдуулар менен камсыз кылышты.

Добавить комментарий