2025-жылдын 25-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) ботаникалык багына Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева иш сапары менен келип, анын ишмердүүлүгү менен таанышты. Университеттин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев күнөсканаларда заманбап технологияларды колдонуу менен жашылчалар өстүрүлүп, студенттер жыл бою практикалык тажрыйба жүргүзүп жатканын белгиледи.

КУУнун аймакты көрктөндүрүү жана ботаникалык багынын башчысы Улугбек Невераев түзүм беш негизги багытта иш алып барарын маалымдады: мөмөлүү бактар, декоративдүү бадалдар жана дарактар, дары чөптөр, өндүрүш бөлүмү жана гүл өсүмдүктөр бөлүмү.

Иш-чаранын соңунда министр, ректор жана университет жамааты  Президент Садыр Жапаровдун “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында  көчөттөрдү отургузуп, бакчаны көрктөндүрүүгө салым кошушту.

Маалымат үчүн: КУУнун ботаникалык бакчасы Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашып, 2 гектар аянтты ээлейт. 2020-жылдан тарта Айыл чарбасы боюнча Кореянын эл аралык программасынын Кыргызстандагы борбору (KOPIA) менен кызматташтыктын алкагында төрт күнөскана жана окуу бөлмөлөрү капиталдык оңдоодон өтүп, айыл чарба багытындагы үч кампа курулган. Учурда бакчада алты багбан эмгектенет. Ботаникалык бакта өсүмдүктөрдүн систематикасы, морфологиясы, физиологиясы жана микробиология боюнча сабактар өткөрүлүп турат. Демонстрациялык тажрыйбалык талаада Кореядан алып келинген жашылча-жемиштердин жаңы сорттору эксперименттен өткөрүлөт. Биология факультетинин студенттери бактарды кыйыштыруу жана өсүмдүктөрдү зыянкечтерден арылтуу боюнча иштерди дал ушул бакчада жүргүзүп, тажрыйба топтошот. Учурда бакчада дарак жана бадалдардын 30дан ашык түрү, гүлдөрдүн 50дөн ашык түрү жана дары чөптөрдүн ар кандай түрлөрү өстүрүлөт.

Добавить комментарий