2025-жылдын 23-апрелинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Пекин чет тилдер университетинин (ПЧТУ) ректору, урматтуу Цзя Вэньцзян мырзаны кабыл алды. Жолугушууда тараптар эки окуу жай ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо жана академиялык мобилдүүлүктүн алкагында студенттер менен алмашууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Профессор Чонтоев өз сөзүндө Пекин университетинин делегациясын кабыл алуу КУУ үчүн чоң сыймык экенин белгилеп, Пекин чет тилдер университетинин жети студенти бир жыл бою КУУда ийгиликтүү билим алып, кыргыз тилине жана маданиятына болгон кызыгуусун көрсөтүшкөнүн айтты.
Ошондой эле, ректор Чонтоев Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы стратегиялык өнөктөш жана коңшу мамлекеттер экенин эске салып, КУУда үч Кытай тили институту ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи.
Маалымат үчүн: Кыргыз улуттук университети менен Пекин чет тилдер университети 2015-жылдан бери кызматташып келет. Пекин чет тилдер университети дүйнөдөгү 101 тилди окутуп, 2016-жылдан бери кыргыз тилин да үйрөтүп келет.