2023-жылдын 5-октябрында башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында мугалимдердин кесиптик күнүнө арналган салнатуу иш чара болуп өттү. Жыйынды мамлекеттик тил жана коомдук иштер боюнча проректор Садык Алахан ачып, студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа көрсөтүлгөн соң, окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев КУУнун айрым окутуучуларына ректордун ыраазычылык катын жана ардак грамоталарын тапшырды.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө ректор Төлөбек Абдырахманов сөз сүйлөп, Улуттук университеттин жалпы окутуучулар жамаатын кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктады.

– Баардык кесиптин ээлери мугалимден таалим алат. Силер болгон үчүн университет болот, силер болгон үчүн студенттер келет. Университетти университет кылып турган ректор же декандар эмес, мугалимдер – силерсиӊер. Менин кыялым – келечекте студенттер университеттин авторитети үчүн эмес, “ушул окуу жайда баланча деген профессор же доцент сабак берет экен, мен ошондон билим алгым келет, ошондой болгум келет” деп тандап келсе дейм. Ишиӊиздерге ийгилик, кесиптештер ортосунда ынтымак каалайм. Мынакей, 5 университеттин катарында өзгөчө макамга ээ болдук. Ошого татыктуу бололу. Сиздерден суранарым – университет үчүн жакшы иштеп бериӊиздер, – деди Төлөбек Абдырахманов.

Майрамдык сыйлыктарын о.э. кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков да тапшырды.

Майрамыңыздар көңүлдүү улансын, урматтуу кесиптештер!

Добавить комментарий