2025-жылдын 17-апрель күнү башкы имараттагы кичи жыйындар залында Ректорат кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйындын күн тартибинин негизги бөлүгүндө 2 ар түрдүү бөлүгүндө 1 маселе каралды.

Отурумдун башында КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев экономиканын жогорку мектебинин студенттери, илимий демилгелер сынагынын жеңүүчүлөрү Исаев Бактиярга, Сапар кызы Салкынайга жана Бакытбекова Ариетке эл аралык конференцияга катышкандыгы үчүн l даражадагы диплом, жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн медалдарды (2024–2025 ж.ж.) тапшырды. Андан кийин ал Министрлер Кабинетинин 2025-жылы мамлекеттик деңгээлде белгиленүүчү юбилейлик иш-чаралар тууралуу токтому чыкканын жана Улуттук университеттин 100 жылдык мааракеси аталган документтеги тизмеге киргенин кабарлап, катышуучуларды 2025-жылдын 1-апрелинен тартып илим жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган Америкадагы Миннесота университетинин бүтүрүүчүсү, философия доктору (PhD) Тыналиев Урматбек Мэлисович жана 2025- жылдын 16-апрелинен тартып кыргыз-европа факультетинин деканынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалган экономика илимдеринин кандидаты, доцент Нукеева Медина Анарбековна менен тааныштырды. Догдурбек Чонтоев о.э. 4-жатакананын ордуна салынуучу имарат, Бишкек мэриясынын катынын негизинде өткөрүлүп жаткан ишембиликтер, 100 жылдыкка чыгарылуучу китептер, Улуттук университеттин илим-изилдөөчү университетке айлануу концепциясы, окуу жайдагы студенттер менен окутуучулар санынын катышы, иш-чараларды уюштуруунун тартиби, мамлекеттик сыйлыктар жана студенттерди окуудан чыгарууга байланышкан маселелер боюнча билдирүү жасап, институт/факультет жетекчилери менен кафедра башчыларына тиешелүү тапшырмаларды берди.

Отурумдун күн тартибиндеги 1-маселе боюнча башкы бухгалтер Жамила Бакай кызы чыгып сүйлөп, университеттеги 2024-жылдагы каржы-чарбалык иштердин жыйынтыгы жөнүндө баяндама жасады.

2024-2025-окуу  жылындагы кышкы сессиянын жыйынтыгы тууралуу окуу  башкармалыгынын башчысы Алмаз Кыдыралиев айтып берди.

Отурумдун “Ар түрдүү маселелер” бөлүгүндө биринчи проректор-окуу  иштери  боюнча проректор Алайбек Шамшиев чыгып сүйлөп, айыл чарба багыты боюнча жаңы билим берүү программаларын ачуу жөнүндө билдирүү жасады.  

Отурумдун жүрүшүндө каралган маселелер боюнча баяндамачыларга көптөгөн суроолор берилип, кызуу талкуу жүрүп, аталган маселелерди Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отурумуна алып чыгуу боюнча чечимдер кабыл алынды.

Тыналиев Урматбек Мэлисович – илим жана жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы (2025-жылдын 1-апрелинен тартып)

Нукеева Медина Анарбековна – кыргыз-европа факультетинин деканынын милдетин убактылуу аткаруучу (2025-жылдын 16-апрелинен тартып)

Добавить комментарий