Ардактуу кесиптештер, сиздерди Мугалимдер күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз! Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, кетпеген бакыт, оомат каалайбыз. Эмгегиңиздердин канчалык кыйын экенин, түйшүктүн түмөндүүлүгүн студенттер, ата-энелер анан албетте жалпы жамаат ар дайым түшүнөт жана баалайт!
Мугалимдик кесип эң ардактуу, эң сыймыктуу кесип. Анткени сиздер келечек муундарын даярдап, аларга татыктуу билим жана тарбия берип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салым кошуп жатасыздар.
Коомубуздун өнүгүшүндө мугалимдердин орду чоң экенин эч ким тана албайт. Кесибинин түйшүгүнө карабай жоопкерчилик алып, чын дили менен иштеп келе жаткан биздин мугалимдерибизге терең ыраазычылык билдиребиз.Биз сиздер менен сыймыктанабыз! Кесиптик майрамыңыздар менен!
Терең урматтоо менен,
(С) КУУнун кесиптик бирлик комитети.