2023-жылдын 3-октябрында окуу иштери боюнча проректору Эрлан Базарбаев академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында алмашуу жолу менен келген Жалал-Абад мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети жана Ош мамлекеттик университетинин студенттери  менен жолугушуу өткөрдү.

Жыйынга окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев, академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнүн экспорту жана тармактык магистратуранын бөлүм башчысы Саадат Шерматова, башкы адис А.Ж.Сопонова жана институт, факультет жетекчилеринин орун басарлары катышты.

Проректор Эрлан Базарбаев студенттердин окууларына ийгилик каалап, университеттин жетекчилиги тарабынан колдоо болоорун баса белгиледи жана ички, сырткы академиялык мобилдүүлүк программасын күчөтүү керектигин айтты.

Окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев окуу процесси, бөлүм башчы Саадат Шерматова регламент тууралуу айтып беришти. Физика жана электроника факультетинин деканынын орун басары Г.Исмаилова университеттин артыкчылыгы, жетишкендиктери жана өзгөчөлүктөрүнө токтолду.

Физика жана электроника факультетинин 3-курс студенти Самара Сабирова билим гана албастан, педагогикалык маалымат алып жаткандыгын айтып, факультеттеги билим берүү процессинде илимий иштерге көп көңүл бураарын, КУУнун артыкчылыктарын баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.

(С) Сопонова А. – башкы адис

Добавить комментарий