2025-жылдын 27-мартында Кыргыз эл акыны, II жана III даражадагы Манас орденинин жана КМШ мамлекеттеринин парламенттер аралык Чынгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгынын ээси Шайлообек Дүйшеев кесиптик колледждин студенттери менен жолугушту.

Студенттер акын менен баарлашып, ырларын окушуп, «Агындылар» чыгармасын талкуулашты. Шайлообек Дүйшеев кесиптик колледждин китепканасына студенттер үчүн өзүнүн кол тамгасы коюлган китептерин тапшырды.

Жыйындын соңунда Шайлообек Дүйшеев окуу жайга кошкон зор салымы үчүн колледждин төш белгиси менен сыйланды.

(С) Касымбаева К.Ш. – тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий