2025-жылдын апрель айында өткөн Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын универсиадасынын жогорку лигасында эркин күрөш боюнча 74 кг салмак категориясында 1-орунду камсыздаган Изабеков Бекбол чоң жеңишке жетишти.

Бекболдун бул жетишкендиги институтубуз үчүн чоң сыймык жана студенттерге мыкты үлгү болуп саналат. Биз анын келечектеги таймаштарда да ийгиликтерге жетишине ишеним артабыз жана толук колдоо көрсөтөбүз!

Изабеков Бекбол – А.А.Асанова атындагы бизнес жана менеджмент институтунун МБ(б)-1-23 тайпасынын таланттуу студенти. Анын бул ийгилиги жаратмандык, талыкпаган эмгек жана спортко болгон чыныгы берилгендиктин жыйынтыгы болуп саналат. Бул жеңиш аркылуу ал Бүткүл дүйнөлүк Универсиадага катышууга жолдомо алды.

(С) Джаныш кызы Махабат – тарбия иштери боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий