2025-жылдын 8-апрелинде КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин биринчи катчысы Казыбек Жусипахметов мырзаны кабыл алды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар гуманитардык-билим берүү багыты боюнча эки мекеменин ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулап, Казыбек Жусипахметов мырза Казакстан элчилигинин аталган багыттар боюнча алдыда өткөрө турган иш-чаралары, ал эми Догдурбек Чонтоев Улуттук университеттин 100 жылдыгына карата пландаштырылган иш-чаралар тууралуу айтып беришти.
Жолугушуунун соңунда Казыбек Жусипахметов мырза Догдурбек Чонтоевге бетачары 28-мартта болгон Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Кемелевич Токаевдин кыргыз тилиндеги “Атам жөнүндө баян” (Слово об отце) китебинин беш нускасын белек кылды.
Белгилей кетсек, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Кемелевич Токаевдин атасы Кемел согуш жылдарында азыркы 33-гимназияда жайгашкан Фрунзедеги жөө аскерлер окуу жайында окуган.
Жолугушууга о.э. кыргыз-кытай институтунун директору Софья Апаева, илимий китепкананын директору Үмүт Казначиева жана ректораттын аппарат жетекчиси Нуржана Бардыбаева катышты.







