Улуттук университеттеги жагымдуу өзгөрүүлөр уланууда. Башкы имарат менен 8-окуу имаратынын ортосундагы жолго толугу менен брусчатка төшөлүп, жээктерине гүлдөр отургузулду жана эки имараттын ортосуна “Боз үй” аталышындагы инсталляция тургузулду. Анын оң жана сол капталдарына скамейкалар орнотулуп, студенттердин эс алуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Эскерте кетсек, буга чейин башкы имараттын фойесине студенттер үчүн эс алуу зоналары жасалып, ал жерге ыңгайлуу отургучтар менен журнал столдору коюлган. Ал эми фойеден экинчи кабатка көтөрүлүүчү тепкичтин каршысындагы эски терезелер заманбап, темирден жасалган чоң терезелерге алмаштырылып, терезенин ортоңку бөлүгүндөгү айнекке университет ысымын алып жүргөн Жусуп Баласагындын чоң сүрөтү тартылып, “Кут билимден” алынган учкул сөздөрү жазылган. Мындан сырткары, башкы имараттын чыгыш жана батыш тарабындагы клумбалардын, о.э. алардын каршысындагы кашаа менен тосулган бакчанын ичине орнотулган эстеликтерге алардын аталышы, автору, жасалган жылы, материалы жана QR-коду жазылган тактайчалар орнотулган.

Добавить комментарий