2023-жылдын 9-август күнү 6-окуу имаратында КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, анда абитуриенттерди кабыл алуунун 4-туру жыйынтыкталды. Окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев алып барган жыйынга онлайн жана офлайн режимде катышкан факультет декандары интернет аркылуу абитуриенттерден келип түшкөн талондор, ваканттык орундар жана өздөрү факультеттеги багыттар боюнча өткөрүү баллын сунуштаган соң, комиссия мүчөлөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Жетекчилери онлайн режимде катышкан түзүмдөр тууралуу маалыматты Эрлан Базарбаев менен кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов беришти. 

Жыйындын соңунда окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов менен факультеттердин техкатчыларын кабыл алуу өнөктүгүн ийгиликтүү өткөргөндүгү жана кампания учурунда аткарган ак ниет эмгеги үчүн ректораттын атынан терең ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.

4-турдун жыйынтыгы менен «Абитуриент онлайн» электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасынан https://2020.edu.gov.kg жана кабыл алуу комиссиясынын атайын стендинен таанышууга болот.

Добавить комментарий