2023-жылдын 25-июлунда КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Россиянын биринчи президенти Б.Н.Ельцин атындагы Урал федералдык университети тарабынан уюштурулган «Жайкы университет 2023» долбооруна катышып келген Улуттук университеттин студенттерин жана аларды жетектеп барган жаштар саясаты жана спорт боюнча департаментинин директору Кадыр уулу Алмазбекти кабыл алды. Ректор “Алыскы жолго аман-эсен барып келгениӊер өзү чоӊ олжо. Ал эми байгелүү орундарга ээ болуп, университеттин атын чыгарып келгениӊер үчүн ызаазычылык билдиребиз. Мындан ары да чоӊ форматтагы долбоорлого катыша бергиле. Биз силерден чоӊ ийгиликтерди күтөбүз”, – деп студенттердин окууларына ийгиликтерди каалады.

22 өлкөдөн 300дөн ашык студенттер катышкан долбоордун негизги максаты – чет элдик студенттерди Россиянын жогорку окуу жайларынын патенциалы менен тааныштыруу. 

Жаштар департаментинин директору Кадыр уулу Алмазбек менен юридикалык институттун доценти Бейшенбек кызы Асема жетектеп барган топто университеттин атынан Нурланова Бегимай, Айдарбекова Гулнура, Кадырбек кызы Айдина, Тавылдиева Нуркыз, Сыдыков Акбар, Буланбек кызы Асель, Кумонова Алина, Тобокелов Ырыскелди, Ботоноева Зарина, Мээримбеков Али, Сейдакматова Аяна, Адлетов Данил, Асанов Бектурган, Кеӊешбекова Зияра, Кулназарова Татына, Саруев Арсланбек, Азимжанов Жайыл, Кубанычбек уулу Айтбек жана Рахимов катышып, IT, филология, экономика, укук жана гуманитардык илимдер боюнча долбоорлорду коргошту.

Гуманитардык багытта окуган студенттер 16 команданын ичинен 2-орунга, IT багытында окуган студенттер 8 команданын ичинен 2-орунга, юридикалык факультеттин студенттери 7 команданын ичинен 1-орунга ээ болушту.

Студенттер о.э. маданий иш-чараларга, билим берүү программаларына, ар кандай оюн-зоокторго жана спорттук оюндарга катышып, шахмат боюнча 1-орунду, футбол боюнча 1-орунду, «Чоң жарыштар» аталышындагы спорттук мелдеште 2-орунду ээлеп, сыйлыктарга жана сертификаттарга ээ болушту.

«Жайкы университет 2023» долбоорунун катышуучулары Ельцин музейине, Сысерть жана  Пышма шаарларына, Азия менен Европанын чек арасына жана «Иннопром» ири көргөзмөлөрүнүн бирине барышып, ар кандай музейлерди, көргөзмөлөрдү, жарманкелерди, храмдарды кыдырып, Екатеринбургду көрүп келишти. Алар өздөрүнүн ой жүгүртүүсүн, билим деӊгээлин кеңейтип, келечекте карьерасында ийгиликке жетүү үчүн пайдалуу боло турган көптөгөн билимдерге ээ болушту. Студенттердин айтымында иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, бул мүмкүнчүлүк үчүн КУУнун, УрФУнун жетекчилигине жана профессордук-окутуучулук курамына ыраазычылык билдиришти.

Добавить комментарий