2025-жылдын 27-мартында биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору, “Кыргызтест” системасынын түптөөчүсү Батма Топоева-Ставинскаяны кабыл алды. Жолугушууда аталган мекеме тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз тилин санариптик окутуу платформасынын” алкагында эки мекеменин ортосундагы кызматташтык мамилелери талкууланды.
Проректор кыргыз тилин өркүндөтүп эле тим болбой, аны кеңири жайылтып, даңазалачу мезгил келгенин баса белгилеп, бул багытта Улуттук университетте аткарылып жаткан иштер тууралуу кыскача маалымат берди жана “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушууга факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Гүлмира Осмоналиева катышты.
Андан кийин, “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская башкы имараттагы конференц-залда КУУнун кыргыз тилчи окутуучулары менен жолугушуп, “Кыргыз тилин санариптик окутуу платформасы” тууралуу кенен айтып берди жана уюлдук телефон аркылуу тесттен өтүү мүмкүнчүлүктөрүн көрсөттү.
Аталган иш-чаралар факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Гүлмира Осмоналиева тарабынан уюштурулду.

