2025-жылдын 14-мартында профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн технологиялары (ФББТ) кафедрасынын профессору, п.и.д. Жеңишбек Чыманов республиканын ЖОЖдорунун жаш окутуучуларына жана магистранттарына “Компетенттүүлүккө негиздеп окутуу – билим берүүдөгү жаңы парадигма” деген темада лекция окуду.
Лекцияга ОшМУнун магистанттары жана жаш окутуучулары, Баткен МУнун, Б.Сыдыков атындагы Эл аралык кыргыз-өзбек университетинин, Эл аралык университеттин, М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун жаш окутуучулары катышышты.
Азыркы учурда билим берүүдө компетенттүүлүккө негиздеп окутууга өзгөчө басым жасалууда. Компетенттүүлүккө негиздеп окутуу – бул окуучулардын жана студенттердин конкреттүү билимдерди жана көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө багытталган окутуу процесси.
«Компетенция» окутуунун мазмунуна конкреттүүлүктү, тактыкты киргизүүгө карата колдонулат. Ошондой эле бул термин-түшүнүк окутуунун мазмунуна гана тактык киргизбестен, аны менен бирге окутуудан алынуучу натыйжа-жыйынтыкты да тактап көрсөтөт, аларды окутууда ишке ашыруу талабын коет. «Компетенциянын» эӊ негизги өзгөчөлүгү, эӊ негизги артыкчылыгы да анын койгон талаптары менен маанилүү, талаптардын так аткарылышына басым койгону менен баалуу.
Лекцияда бул тууралуу маалыматтар кеңири берилди. Бүгүнкү күндөгү кыргыз тилине болгон мамиле, компетенттүүлүккө негиздеп окутуунун өзгөчөлүктөрү, кыргыз тили сабагында текстти пайдалануу боюнча жандуу пикир алышуулар лекциянын мазмундуу болушуна негиз болду. Аягында талкуу жүргүзүлүп, кыргыз тилин окутуу боюнча берилген суроолорго жооптор берилди.
ОшМУнун филология жана маданият аралык коммуникация институтунун директору, п.и.к, доцент Олжобай Шаимкулов Ж.Чымановго мазмундуу лекция өтүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
ОшМУнун филология жана маданият аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент Зувайда Каразаковага бул ишти уюштурууга жардам бергендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Келечекте ЖОЖдор аралык бул сыяктуу илимий-методикалык байланыштар дагы улана берет деген ишеничтебиз.
(С) Аскар кызы Ж. – профессор К.Иманалиев атындагы ФББТ кафедрасынын башчысы, п.и.к., доцент



