2025-жылдын 11- мартында философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын окутуучулары менен студенттери Билим берүү жана илим министрлигинин “Азыркы кыргыз мамлекеттүлүгүн түптөгөн аталардын эрдиктерин жана эмгектерин түбөлүккө калтыруу” боюнча иш-чаралар планын аткаруу, о.э. Мекендин тарыхы үчүн жоопкерчилик, сыймыктануу сезимин калыптандыруу, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар тууралуу кеңири маалымат алуу, мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошкон инсандарды эскерүү жана таазим кылуу максатында “Ата-Бейит” улуттук тарыхый мемориалдык комплексине барып келишти.
Иш-чара жаштарга терең таасир калтырды жана Ата мекен алдындагы жоопкерчилигин жогорулатты.
(С) Кадырова Э.Б. – философия, маданияттын теориясы жана тарыхы кафедрасынын окутуучусу



