2025-жылдын 3-мартында башкы имараттагы №231-кабинетте жаштар саясаты жана спорт боюнча департаментинин колдоосу менен студенттик өзүн-өзү башкаруу өкмөтү жана Жаштар парламентинин “Ак калпак кыргыздын көөнөрбөс мурасы” темасындагы тегерек стол болуп өттү.
Тегерек столго залкар манасчы Дөөлөтбек Качкын уулу Сыдыков, тарых илимдеринин кандидаты Асанов Темиркул Ишекеевич, студенттик өзүн-өзү башкаруу өкмөтүнүн лидерлери жана жаштар саясаты жана спорт боюнча департаментинин директору Касмакунов Ынтымак Тилекович катышышты.
Аталган иш чарада калпактын тарыхы, мааниси жана азыркы учурдагы коомдогу орду тууралуу кызуу талкуулар журуп, жаштар бул улуттук баш кийимдин мааниси бийик экенин түшүнүштү. Тегерек столдун жүрүшүндө “Кылым Калпак” дүкөнү калпак көргөзмөсүн ушютуруп, заманбап стилдеги калпактарды көргөздү. Иш чаранын аягында катышуучуларга ыраазычылык кат тапшырылып,студенттер залкар манасчы Дөөлөтбек Сыдыковдун ак батасын алышты.
(С) Абдыбекова Айжан – жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүм башчысы





