2025-жылдын 18-февралында кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтуна Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын тескөөчүсү милициянын подполковниги Куватпеков Каныбек Бакбергенович 10-11-класстардын окуучуларына акыркы учурда Кыргызстанда болуп жаткан жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, укук бузуулардын алдын алууга багытталган тарбиялык-профилактикалык лекция өтүп, ошондой эле рэкетчилик, тополоң мушташ жана алардын кесепеттери жөнүндө айтып берди.
Бардык көйгөйлөр дайыма тынч жолу менен чечилиши керек, дароо мушташка киришпей, анткени кесепетти кийин болоорун эскертип, “Силер-университеттин бир бөлүкчөсү болуп калдыңар, силерден башкалар үлгү алгыдай болуп, өзүңөрдү жакшы алып жүргүлө, сергек жана сак болгула” деп тарбиялык насаатын айтып кетти. Иш-чаранын соңунда “Менин укуктарым жана милдеттерим” деген китепчелерди таратып берди.
(С) Бейшеналиева Бермет – ККДжКЖ институтунун башкы адиси


