2025-жылдын 20-февраль күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда көрүнүктүү илимпоз, академик, этнограф Абылабек Асанкановдун 70 жылдыгына арналган “Этнография илими: башаты, азыркы абалы жана келечеги” аттуу эл аралык илимий тегерек стол болуп өттү.
Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан жыйынды анын модератору, тарых жана чөлкөм таануу институтунун мүдүрү Туратбек Сырдыбаев ачып, сөз кезегин КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоевге берди.
Ректор Абылабек Асанканович ар кандай мактоо сөздөргө татыктуу, иштин көзүн таба билген уюштургучтугу, чечкиндүүлүгү жана адамгерчилиги менен айрымаланган инсан, Кыргызстандагы этносоциология илимин жараткан, калыптандырган жана өнүктүргөн окумуштуу экендигин белгилеп, анын кыргыз тарыхын, этнографиясын, маданиятын, улуттук аңдоо сезимин, чет жерде жашаган кыргыздардын этногенезин, этностук тарыхын, материалдык жана рухий маданиятын, үй-бүлөлүк мамилелерин изилдөөгө кошкон салымдарына токтолуп, сөзүнүн соңунда академик Абылабек Асанкановичке бекем ден-соолук, кажыбас кайрат, азыркыдай дем менен дагы далай эмгектерди жасап, кыргыз элине кызмат кыла беришин каалады.
Юбилярды мааракеси менен о.э. Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Капай уулу, «Мурас» фондунун жетекчиси Кыяс Молдокасымов, Казакстандагы Ч.Валиханов атындагы тарых жана этнология институтунун мүдүрү Зиябек Кабульдинов (онлайн), Татарстандын Илимдер академиясынын археология институтунун мүдүрү Айрат Ситдиков (онлайн), тарых факультетинин бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Үсөн уулу Жайнак ж.б. куттукташты.
Андан кийин конференциянын темасы боюнча төмөндөгү окумуштуулар баяндама жасашты:
- Чоротегин Т. – Ж. Баласагын атындагы КУУнин ТЧТИнун профессору, т.и.д. – (онлайн)
- Чаргынов Т.Т. – Ж. Баласагын атындагы КУУнин ТЧТИнун археология, этнология, тарыхнаама жана булактаануу кафедрасынын башчысы, т.и.к.
- Бикбулатова А.Р. – Ж. Баласагын атындагы КУУнин ТЧТИнун Археология, этнология, тарыхнаама жана булактаануу кафедрасынын профессору, т.и.д.
- Момбекова Ж.К. – Ж. Баласагын атындагы КУУнин ТЧТИнун Кыргызстан тарыхы кафедрасынын профессору, т.и.к.
- Асанов Т.И. – Ж. Баласагын атындагы КУУнин ТЧТИнун Кыргызстан тарыхы кафедрасынын башчысы, т.и.к.
- Кушубеков А.Т. – Ж. Баласагын атындагы КУУнин ТЧТИнун Археология, этнология, тарыхнаама жана булактаануу кафедрасынын доценти, т.и.к.
Жыйынга тарых жана чөлкөм таануу институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана ММК өкүлдөрү катышты.