2025-жылдын 18 февралында саат 10.00дө башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда 550700 – “Педагогика” багытынын PhD докторанты Лу Бин “Comparative study of English textbooks for senior classes in Kyrgyzstan and China” аттуу темада PhD диссертациясын англис тилинде ийгиликтүү коргоду.
Илимий жетекчиси: педагогика илимдеринин доктору, профессор Асипова Нурбубу Асаналиевна. Чет элдик илимий жетекчиси: Пекин университетинин чет тилдер институтунун доценти, PhD доктор Ван Хуа Шу.
Илимий иштер боюнча проректор М.М.Дылдаевдин 23.12.2024-ж. чыккан №568 буйругунун негизинде дайындалган төмөнкү курамагы экспертттик жюринин курамы: Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович, Т. Эрматов атындагы музыкалык-педагогикалык институттун директору, педагогика илимдеринин доктору, профессор, эксперттик жюринин төрагасы. Комиссия мүчөлөрү: Балтынова Айжан Шынабековна расмий оппонент, Казакстан Республикасынын Астана шаарындагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин доценти, педагогика илимдеринин кандидаты; Волкотрубова Альбина Владимировна, Кыргызстандагы Эл аралык университетинин магистратурасынын деканы, педагогика илимдеринин кандидаты доцент, расмий оппонент; Карабалаева Гульмира Таштановна, Ж. Баласагын атындагы КУУнун Жогорку мектеп педагогикасы кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессордун м.а.; Адылбек кызы Гулназ, Ж. Баласагын атындагы КУУнун мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, эксперттик жюринин илимий катчысы. Эксперттик жюри диссертациялык ишти кылдаттык менен экспертизадан өткөрүп, 2025-жылдын 25-январында алдын ала коргоонун негизинде диссертацияны коргоого сунуштаган. Коргоо учурунда диссертация жогорку денгээлде аткарылып, бардык талаптарга жооп берет деп баса белгилеп Жусуп Баласагын атындагы КУУнун PhD доктору илимий даражага татыктуу деп чечим чыгарды.
Эксперттик жюринин отурумуна КУУнун PhD докторантура бөүмүнүн башчысы п.и.д., проф. Д.Ч.Иманбердиев катышты.
(С) Адылбек кызы Г. – окумуштуу катчы п.и.к., доцент







