2025-жылдын 6- февралында мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев баштаган мамлекеттик тил боюнча мониторинг тобу математика жана информатика институтуна барды.
Жыйындын жүрүшүндѳ мамлекеттик тилдеги окуу сабактарынын саны менен сапаты жана аткарылыш аракеттери каралып, программа жетекчилери менен талкуу болуп өттү. Учурда маалыматка ылайык, математика жана информатика институтунда 43 тайпа бар болсо, анын 9 кыргыз, ал эми 22 тайпасы орус тилдүү болуп эсептелет. Көрсөтүлгөн штаттык сааты 680ди түзѳт, ошону менен бирге илимий эмгектери дагы бар. Ал эми технология жана башкарууда кыргыз тилинде окуу куралдары орус, кыргыз тилдеринде жарык кѳргѳн болсо, институттагы кѳрнѳк жарнактардын басысмдуу көпчүлүгү кыргыз тилинде жүргүзүлөөрү маалым болду.
7-февралда аталган жумушчу топ өз ишин биология факультетинде улантты. Алды менен жумушчу топ жалпы жамаат менен жолугушуп, андан соң мамлекеттик тилдин саны менен сапаты жана аткарылышы боюнча окуу түзүмдѳрүндөгү иш аракеттерди карады. 444 студенти бар болгон, Биология жана зоология факультетинде окуу программаларыли иштеп чыгарылган. Ошондой эле 7 жана 8 класстар үчүн китептерди кыргыз тилинде чыгарышканы маалым болду. Аны менен бирге илимий эмгектери дагы кыргыз тилинде жарык кѳрүп тураары айтылса, Зоология жана адамдар менен жаныбарлардын физиологиясы кафедрасы эки докторду жана 12 кандидатты чыгарганы белгиленди. Учурда институттун штатында 24 адам эмгектенет. Мамлекеттик тил боюнча мониторинг жүргүзгөн окуу жайдын жумушчу тобу ишин мурда болжонгон иш мерчемдерине ылайык университеттин башка түзүмдөрүн кароо менен улантмакчы.
(С) Д.Мырзагулова – мамлекеттик тил секторунун башчысы
Математика жана информатика институту
Биология факультети