2023-жылдын 25-сентябрь күнү ректор Төлөбек Абдырахманов академик А.А. Бөрүбаев атындагы АГТЖМО кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор Бекболот Канетовду Түрк дүйнөсүнүн математиктеринин Бүткүл дүйнөлүк союзунун лауреаты болушу жана ал союздун вице-президенти болуп шайланышы менен куттуктады

Ректор профессор Канетовдун Казахстандын Туркестан шаарында өткөн Түрк дүйнөсүнүн математиктеринин бүткүл дүйнөлүк VII конгрессинде лауреат болуп, алтын медаль жана диплом менен сыйланышын, о.э. Түрк дүйнөсүнүн математиктеринин Бүткүл дүйнөлүк союзунун вице-президенти болуп шайланышын жогору баалап, “бул да болсо Улуттук университетибиздин баркын арттырат” деп ыраазычылыгын билдирип, куттуктады.

Жолугушууда ректор Т.А. Абдырахманов менен профессор Б.Э. Канетов окумуштуулардын илимий-метрикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу маселелери жөнүндө да сөз кылышты.   

Белгилей кетсек, 20-23 – сентябрь күндөрү Казахстандын Туркестан шаарында Түрк дүйнөсүнүн математиктеринин VII бүткүл дүйнөлүк конгресси болуп, иш чарага 21 өлкөдөн 500дөн ашуун окумуштуу-математиктер катышты. Алардын арасында Нобель сыйлыгынын лауреаттары да болушту.

Эл аралык байланыштарды жана илимий шериктештикти кеңейтүү, математикалык илимди өстүрүү жана математиканын жетишкендиктерин колдонууга көмөктөшүү, маалыматтык технологияларды илимий изилдөөлөрдө, техникада жана билим берүүдө колдонуу максаты менен өткөрүлгөн конгресстин катышуучулары коюлган маселелерди чечүүдө математикалык илимдин ролун көтөрүүнү өзгөчө сөз кылышты.

Конгресстин соңунда Түрк дүйнөсүнүн алдыңкы окумуштуу-математиктери сыйланышты. Алардын арасында профессор Б.Э. Канетов Түрк дүйнөсүнүн математиктеринин Бүткүл дүйнөлүк союзунун (TWMS) лауреаты болуп, “Математикадагы зор жетишкендиктери үчүн” деген алтын медаль жана диплом менен сыйланды. Ал о.э. Түрк дүйнөсүнүн математиктеринин Бүткүл дүйнөлүк союзунун вице-президенти болуп шайланды.

Түрк дүйнөсүнүн математиктеринин бүткүл дүйнөлүк союзу 1999–жылы Турцияда түзүлүп, Түрк дүйнөсүнүн математиктеринин барандуу кеңеши болуп саналат. Аталган союз конгресстерди жана жолугушууларды байма-бай өткөрүп келет жана Web of Science-те импакт фактору IF=3,8 жана Q1 квартилге ээ болгон “TWMS Pure and Applied Mathematics” аталыштагы мезгилдүү журналга ээ.

Добавить комментарий