2024-жылдын 29-ноябрь күнү математика жана информатика институтунун интернет технологиялар жана башкаруу программасынын ага окутуучусу Рита Муктарбекова менен педагогикалык колледждин окутуучусу Жаныл Нуруева Азия инновациялык колледжинин окутуучуларына «Билим берүүдөгү AI: педагогдор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» деген темада конок лекция өтүштү.

Сабактын алкагында катышуучулар заманбап билим берүү технологиялары жана жеке коммуникация чеберчиликтерин өнүктүрүү боюнча пайдалуу маалыматтарды жана практикалык көндүмдөрдү алышты.

Иш чаранын жүрүшүндө Азия инновациялык колледжинин директору М.С.Шамшиева  билим берүү тармагында инновациялык тажрыйбаларды жайылтуу боюнча кызматташуу жана тажрыйба бөлүшкөндүгү учун ыраазычылык каттарын тренерлерге ыйгарды.

Тренинг катышуучулар тарабынан жогору бааланды. Ушундай иш-чаралар билим берүү жаатында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, сапатты жакшыртууга чоң салым кошот.

(С) Бактияр Рахманкулов – директордун орун басары, ф.м.и.к., доцент.

Добавить комментарий