2024-жылдын 7-октябрь күнү ректор Догдурбек Чонтоев проректорлор жана ректораттын курамына кирген түзүм жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Окуу жайдын жетекчиси университеттердин QS-рейтингине кирүү үчүн КУУнун Өнүгүү стратегиясына киргизилүүчү толуктоолор, окуу жайдын өзгөчө статус алгандыгына байланыштуу КУУнун Уставына киргизилүүчү өзгөртүүлөр, №4-жатаканага, КУУнун 100 жылдыгын белгилөөгө байланышкан маселелер боюнча, о.э. Улуттук университеттеги окуу процесси, өткөрүлгөн иш чаралар, чарба жана каржы иштери тууралуу билдирүү жасап, тиешелүү түзүм жетекчилерине тапшырмаларды берди.

Добавить комментарий