2024-жылдын 4-октябрында педагогикалык колледждин окутучулары менен студенттери окуу жайдын 15 жылдыгына карата түзүлгөн пландын негизинде 15 миң сом материалдык жардам жана 15 аталардын бөлмөсүн жууп тазалап берүү акциясы менен карылар үйүнө барып келишти.
Иш чаранын соңунда аталар студенттерге ыраазычылыктарын айтып, бөлмөлөрүн өз балдар-кыздары келип тазалап жаткандай сезим калтырганын айтып, баталарын беришти.
Карылар үйүнүн жетекчилиги Кыргыз улуттук унмверситетине, анын ичиндеги педагогикалык колледжге ийгилик, ынтымак каалап, окутуучулар студенттерди окутууда, ушул сыяктуу тарбиялык иштерди уюштурууда талыкпагыла деген тилектиштигин билдиришти.
(С) Добутова Сапаргүл – окутуучу




