55555553333 Проректор Мирлан Дылдаев университеттин илим жаатында эмгектенген кызматкерлери менен жолугушту — Ж.Баласагын атындагы КУУ

2024-жылдын 4-октябрында илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев илим жана илимий метрикалык талдоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, о.э. институттар менен факультеттердин жетекчилеринин илимий иштер боюнча орун басарлары менен жолугушуу өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө институттар менен факультеттердин жылдык иш планын бекитүү, Илим күнүнө карата “Илим жумалыгын» жарыялоо, илимий мектептердин ишмердүүлүгүн колго алуу жана жандандыруу, жаш окумуштуулардын ишмердүүлүгүнө көмөктөшүү жана студенттердин илимий-изилдөө иштери сыяктуу бир катар маанилүү маселелер талкууланды.

(С) Рашитова Асел — башкы адис

Добавить комментарий