2024-жылдын 26-сентябрында 5-окуу имаратынын жыйындар залында чет тилдер институту Мамлекеттик тил күнүнө карата «Кыргыз тилим – менин дилим» аталышында салтанаттуу иш-чара өткөрдү.
Факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын профессорлук-окутуучулук курамы тарабынан даярдалган майрамдык иш-чарада аталган кафедранын башчысы Гүлмира Осмоналиева менен чет тилдер институтунун мүдүрүнүн орун басары Майрам Намазова куттуктоо сөз айтышып, студенттерди улуттук баалуулуктарды терең өздөштүрүүгө, алардын калыптануусунда эне тилдин ролу чоң экендигин баса белгилешти.
Андан ары студенттер “Манас” айтып, комузда кол ойнотуп, улуттук бий бийлешип, көркөм окуу, макал айтуу, жекече кыргыз ырларын аткарышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Майрамдык салтанат жогорку деңгээлде уюштурулуп, катышуучулардын маанайына көркөм-эстетикалык рахат тартуулап гана тим болбостон, кыргыз тилин өркүндөтүп, өстүрүүгө таалим-тарбиялык мааниси чоң болду.



