2024-жылдын 23-сентябрында кыргыз филологиясы факультетинин “Кыргыз тил илими” кафедрасы тарабынан мамлекеттик тилдин кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата “Тилсиз элдин тукуму курут болгон, Тилин сактап калган эл улут болгон” деген темада тегерек стол болуп өттү.
Кечени факультеттин деканы Б.Жайлообаев ачып, профессор-окутуучуларды жана студенттерди мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, аталган майрам өзгөчө экендигин жана баарыбыздын кесибибиз тил менен байланышкандыгын унутпай, тилге ар бирибиз олуттуу мамиле жасашыбыз керек деген оюн айтып, иш-чараны жогорку деңгээлде уюштурушкан кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы А.Акынбековага жана кафедаранын жалпы окутуучулар жамаатына ыраазычылык билдирди.
Андан соң студенттер тарабынан даярдалган талкуу болуп, аягында келген конокторго ыр-бий коштолгон концерттик программа тартууланды.
(С) А.Акынбекова – “Кыргыз тил илими” кафедрасынын башчысы, профессор


