2024-жылдын 23-сентябрь күнү юридикалык колледждин мамлекеттик, расмий жана чет тилдер предметтик-циклдик комиссиясы Мамлекеттик тил мыйзамынын 35 жылдыгына карата “Эл дөөлөтү – эне тил” аттуу майрамдык иш чара өткөрдү.

Иш чараны кадырлуу коноктор: төкмө акын, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артистти, Улуттук Манас театрынын көркөм жетекчиси Максат Кулуев студенттерге кеп-кеңешин төкмөлүк өнөрү менен тартуулап, “Жөнө балам” аттуу мааниси терең ырын аккордеондо аткарып, ал эми Улуттук Манас театрынын манасчы-дастанчысы Улукбек Токтоболот уулу манас айтып ачып беришти.

Андан соң 1-курст студенттери таланттарын ыр, бий, акыйнек, манас айтуу, күү чертүү аркылуу көрсөтүштү. Салтанаттуу иш чара эң мыкты рилс, флешмоб, дил баяндар конкурсу менен жыйынтыкталды.

С) Тумаров Харсан — директордун орун басары

Добавить комментарий