2024-жылдын 24-сентябрында А.А.Асанова атындагы менеджмент жана бизнес интитутунда “Кыргыз Республикасында стандартташтыруу, метрология жана техникалык жөнгө салуу системасын түзүү жана өнүктүрүү” темасында тегерек стол өттү. Институттун “Сапатты башкаруу” билим берүү программасы менен Экономика жана коммерция министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борбору (мындан ары – Кыргызстандарт) биргеликте кызматташуу келишиминин негизинде уюштурган иш чара Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналды.

Жыйынга аталган министрликтин техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын жетекчиси Шабданов Б.К., Кыргызстандарттын директору Нурматов Б.А. жана адистери, КУУнун илимий иштер боюнча проректору Ишекеев Н.И., А.А.Асанова атындагы менеджмент жана бизнес институтунун директору Керимкулова М.К., “Сапатты башкаруу” ББП магистранттары жана студенттери катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө өлкөдөгү стандартташтыруу жана метрология системасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча негизги маселелер талкууланды, мамлекеттик тилдин профессионалдык чөйрөдөгү мааниси тууралуу пикирлер айтылды. Студенттер үчүн практика уюштуруу жана алардын андан кийинки жумушка орношушу боюнча университет менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду, бул стандартташтыруу жана метрология тармагында өлкөнүн кадрдык потенциалын өнүктүрүүгө салым кошот.

Катышуучулар о.э. ушул тармактагы келечектеги мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар жөнүндө пикир алышышты. Эл аралык стандарттарды киргизүү жана метрологиялык камсыздоонун деңгээлин жогорулатуу Кыргыз Республикасында экономикалык туруктуулукту бекемдөө жана эл аралык аренада атаандаштыкты арттырууда маанилүү факторлор экендиги белгиленди.

Тегерек столдун жыйынтыгын чыгарууда уюштуруу иштерин жүргүзгөндөр катышуучуларга активдүү катышкандыгы жана конструктивдүү диалогу үчүн ыраазычылык билдиришти. Биргеликте жүргүзүлгөн аракеттер өлкөдөгү стандартташтыруу жана метрология системасын андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшөт, бул жарандар үчүн продукция жана кызматтардын сапатын жакшыртуу жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат.

(С) Джаныш кызы Махабат – тарбия иштери боюнча директор орун басары

Добавить комментарий